29
Апрель
Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылы аткарган иштери тууралуу отчету канааттандырарлык деп тапты
Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өкмөттүн 2015-жылы аткарган иштери тууралуу отчетун канааттандырарлык деп тапты.
Отчеттук баяндама менен Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тааныштырды. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар тарабынан Өкмөттүн 2015-жылдагы ишмердүүлүгүнө карата бир катар сын-пикирлер менен катар сунуштар айтылды.
Эл өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын 2017-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык долбоорунун алкагында ишке ашырылуучу долбоорлордун ичинде мал-жандыктарды идентификациялоо иши жүргүзүлбөй жатканын белгилешти.
Өз кезегинде Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн мындан аркы ишинде депутаттар тарабынан бардык айтылган сын-пикирлер менен кошо сунуштар эске алынарын, учурда бир катар келечектүү долбоорлор ишке ашырыла турганын баса белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш депутаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылы аткарган иштери тууралуу отчетту канааттандырарлык деп тапты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү