10

Март

2017

Жолдошбек Байсеитов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта буйрукка кол койду, ага ылайык, берген арызынан улам, Байсеитов Жолдошбек Абылович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы– акими кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү