21

Ноябрь

2016

Жоомартбек Жумабеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Жумабеков Жоомартбек Кожомуратович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү