29

Ноябрь

2014

Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин бир катар кызматкерлери КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды

Мамлекеттик жана суу чарбасындагы көп жылдык жана кынтыксыз эмгеги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай кызматкерлер күнүн майрамдоого байланыштуу КР Өкмөтүнүн буйругу менен Өкмөттүн Ардак грамотасы төмөнкүлөргө ыйгарылат:

1. Тилек Исабеков – Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары;

2. Абдукарим Жаркынов – Суу чарба жана мелиорация департаментинин Жалал-Абад суу чарба, бассейндик башкармалыгынын башкы инженери;

3. Сыргак Күреңкеев – Суу чарба жана мелиорация департаментинин Нарын райондук суу чарба, бассейндик башкармалыгынын механизатору;

4. Шукур Арстанбеков – Суу чарба жана мелиорация департаментинин Ош суу чарба, бассейндик башкармалыгынын Куршаб эксплуатациялык гидроучастогунун 1-категориядагы инженери.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү