07
Февраль
2012
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Өкмөт мүчөлөрүнүн, Өкмөткө караштуу ведомстволордун жетекчилеринин алдына мамлекеттик башкарууга жаш, билимдүү жана чет тилдерин билген жарандарды тартуу боюнча милдет коюлган.
Өкмөт башчысы министреликтер менен ведомстволордун жетекчилеринен орун басарлыгына жаш, келечектүү кадрларды дайындоону талап кылган.
Бүгүн Премьер-министр Өмүрбек Бабанов министрдин орун басарлыгына сунушталган талапкерлерди колдоп, Калиев Марат Темирбековичти КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, ал эми Кененбаев Бакыт Темербековичти КР маданият жана туризм министринин орун басары кылып дайындоо жөнүндөгү буйруктарга кол койду.
Кененбаев Бакыт 34 жашта. Бишкек шаарында төрөлгөн. Билими жогорку. 1999-жылы Оттербайн колледжин, 2002-жылы Деврай техникалык институтун аяктаган.
Эмгек жолун “Укук” Эл аралык укуктук кызматташтык фондусунда коммуникациялар боюнча менеджердин ассистенти кызматынан баштаган.
Precise Car Rental башкы менеджери (Колумбус ш., Огайо штаты, АКШ), Illusion Interactive, Inc. креативдүү директору (Сент-Луис. АКШ), «Талисман Вилдинг» ЖЧК коммерциялык директору, КР Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын статс-катчысы болуп келген.
Марат Калиев 40 жашта. Сокулук айылында туулган. Билими – жогорку. 1995-жылы КММА бүтүргөн. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент.
Эмгек жолун И.Ахунбаев атындагы клиниканын клиникалык ординатору болуп иштөөдөн баштаган. КММАнын жалпы хирургия бөлүмүнүн ассистенти, окуу бөлумүнүн башчысы, чет өлкөлүк студенттер факультетинин деканы болуп иштеген.
2009-жылы КР Өкмөтүнө караштуу ММКФ (ФОМС) директорунун биринчи орун басары болуп дайындалган. 2010-жылдан тартып - КР Өкмөтүнө караштуу ММКФ (ФОМС) директору.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү