29
Сентябрь
2014-жылдын 1-ноябрынан тарта балалуу, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ар-айлык жөлөкпул белгилөө үчүн кепилденген минималдык киреше көлөмү 705 сомду түзөт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү Токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.
Документ балалуу, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана аз камсыздалгандыгы боюнча жөлөк пулду төлөөдө даректүүлүктү күчтөндүрүү максатында кабыл алынган.
Белгилесек, көптөгөн жылдар бою чечилбеген көйгөйлөрдүн катарында балдарга берилген төлөм өлчөмдөрүнүн жетишсиздиги эсептелет. Аз камсыздалган ар-бир үй-бүлөдөгү ар-бир балага кепилденген киреше деңгээли 2013-жылы жашоо минимумунун 16 % гана түзүп, ал 640 сомго барабар болгон.
Муну эске алуу менен, 2014-жылдын 1-ноябрынан тарта балалуу, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ар-айлык жөлөк пул белгилөө үчүн кепилденген минималдык киреше көлөмүн 705 сом көлөмүндө белгилөө чечими кабыл алынган.
Аз камсыздалган ар-бир үй-бүлөлөргө жөлөк пул өлчөмүн жогорулатуу менен катар алардын даректүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар кабыл алынат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү