19

Май

2015

Үстүбүздөгү жылдын 20-22-майында Бишкек шаарынын Эски аянтында 3-Эл аралык АЙЫЛ-АГРО агроөнөр-жай көргөзмөсү өтөт

Эки жылдык мөөнөттө АЙЫЛ-АГРО көргөзмөсү агроөнөр-жай комплексинин жаңы техникалык чечимдерин тартуулоо үчүн өлкөнүн ири бизнес-платформасына жана тармактын көрүнүктүү окуяларына айланды. Иш-чара инвесторлор үчүн Кыргызстандын агрардык тармагынын мүмкүндүктөрүн жеткиликтүү түрдө тартуулоо мүмкүндүгүн берет. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн жана «Айыл Банк» жана «Росагромаш» россиялык айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын көмөгү астында өтүүдө. Быйылкы жазда дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 50 ашуун компания 100 жакын жаңы техниканы жана жабдууларды алып келет. Болжол менен үч күн арасында көргөзмөгө республиканын жана андан тышкаркы аймактарынан 10 миңден ашуун көрүүчү келээри күтүлүүдө. Долбоор өндүрүүчүлөр жана камсыздоочулар, ошондой эле агроөнөр-жай тармагындагы адистер арасында суроо-талапка ээ. Өткөн жылдардын оңдуу тажрыйбасынан алып караганда, көргөзмөнүн жана иштиктүү программанын иш-чаралары экспоненттерге жана кардарларга ишкер маектешүү жана кызматташууну уюштуруу үчүн жакшы аянтча болуп берет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү