14
Апрель
2012
Бүгүн, 14-апрелде , Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановду буйругу менен Кыргызстандын баардык аймагында “Биз бул жерде жашайбыз” деген девиз менен республикалык ишембилик өтүп жатат. Ага 400 миңге чукул адам катышууда. Ишембилик шаарларды жана калктуу пунктарды жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлыктын алкагында өтүүдө.
Өкмөт башчысы болсо Бишкек шаарындагы “Жаштар” паркында ишембиликке катышты. Ошондой эле бул иш чарага биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, көрүнүктүү коомдук ишмерлер, Өкмөттүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппараттарынын кызматкерлери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин, Бишкек Гуманитардык университетинин, Кыргых техникалык университетинин студенттери кытышып жатышат.
Өмүрбек Бабанов ишембиликтин катышуучулары менен жолугушуп, аларды шаарларды жана калктуу пунктарды жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлыкка активдүү катышууга чакырды.
Премьер-министрдин айтымында “Жаштар” паркында көп жылдардан бери тазалоо жумуштары жүргүзүлгөн эмес, ал эми ирригациялык системасы толугу менен талкалангандыктан парктагы дарактар кургай баштады. “Биз бул паркка 500 көчөт отургузабыз”, - деди Ө.Бабанов.
Өкмөт башчы өзү ондон ашык көчөттөрдү студенттер менен чогуу отургузду, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди жана эстеликке сүрөткө түштү.
Ошондойдой эле Ө.Бабанов журналисттердин дагы суроолоруна жооп берди. “Эгер биз ушул “Жаштар” паркында иштегендей иштесек, анда биздин өлкөнүн айлана чөйрөсү өзгөрөт. Бул үчүн сырт жактан инвестиция издөөнүн кереги жок. Тазалыкты сактоо өзүбүздүн колубузда. Коомдук жайларда тазалыкты сактабагандык жана таштандыларды таштагандык үчүн административдик жоопкерчиликти күчөтүү максатында жакын арада тийиштүү нормативдик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизебиз”, - деди Ө.Бабанов.
Өкмөт башчысы “Жаштар” паркында отургузулган 500 көчөттөр куурап калбашы үчүн жана ар дайым тазалоо иштерин жүргүзүп туруу Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетине тапшырылгандыгын маалымдады.
Премьер-министр ишембиликке катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү