05
Февраль
2019
Сүйүнтбек Аликеев КР ӨЭЖПМК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Аликеев Сүйүнтбек Сакыевич Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү