29

Октябрь

2020

Садыр Жапаров министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине социалдык төлөмдөрдүн, тагыраак айтканда, айлык акы, пенсия, жөлөкпулдардын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу, чакан жана орто бизнести колдоого багытталган чараларды күчөтүү, ошондой эле өлкөнүн тышкы карызын төлөө боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.  
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынган бардык чараларды өзгөчө көзөмөлгө алуу, медициналык карталарды электрондук форматка өткөрүү иштерин аяктоо, ошондой эле Covid-19га каршы күрөшүү үчүн кыска мөөнөттүн ичинде дары-дармектердин запасын, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын саны тууралуу маалыматтарды берүүнү тапшырды.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине ата мекендик ишканаларды колдоо, ошондой эле өлкө рыногун азык-түлүк менен менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну милдеттендирди.
Транспорт жана жолдор министрлигине жол тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүү, муну менен катар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте кыш мезгилинде республикалык жана жергиликтүү маанидеги каттамдарды туруктуу негизде тазалап туруу тапшырмасы берилди.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматына чек арага чектеш аймактарда коопсуздукту, укуктук тартипти камсыз кылуу, ошондой эле мекемедеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча ишти күчөтүү милдеттендирилди.  
Өкмөт башчы министрлер менен мамлекеттик мекемелердин жетекчилери бул тапшырмалардын аткарылышына жооптуу экенин кошумчалады.