03
Апрель
2015
Сарпашев Талас районундагы «Жан» сугат каналынын жана күнү-түнү жөнгө салуучу бассейндердеги тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Талас облусу боюнча иш сапарынын алкагында Талас районунун Өмүралиев атындагы айыл аймагындагы «Жан» сугат каналынын жана күнү-түнү жөнгө салуучу бассейндердеги тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Талас районунун акими Райкан Өзүбековдун айтымында, жакынкы жумаларда бардык тазалоо иштери жыйынтыкталат. «Бүгүнкү күнгө карата узундугу 10 км эсептелген «Жан» каналынын 3,3 километри тазаланган. Дыйкандар жеңилдетилген кредиттерди ала баштады», – деди ал.
Андан соң Сарпашев «Агро-Сантино Талас» техникалык сервис кызматын көрсөтүүчү ишкананын иши менен таанышты. Техсервис башчысы Тойчубек Жумашевдин айтымында, сервистик борбор 34 млн сомдон ашуун көлөмдөгү тартылган инвестициялардын эсебинен түзүлгөн. «Бул каражатка 20 трактор жана 20 комбайн алынган. Жаз башталгандан күзгө дейре биз дыйкандарга техникалык көмөк көрсөтөбүз. Тажрыйба көрсөткөндөй, фермерлерге сервистик борборлор менен иш алып баруу ыңгайлуу. Өз күчүбүз менен үрөн сепкичтерди чыгара баштадык. Жакынкы мезгилге карата биздин негизги милдетибиз – бул сервистик борбордун техникалык паркын дагы жакшыртуу. Ошондуктан Өкмөткө бизге керектүү техниканы алып берүү өтүнүчү менен кайрылуудабыз» — деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр техникалык сервис башчысын техниканы лизингге алуу үчүн толук колдоо көрсөтүлөөрүнө ишендирип кетти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү