25
Октябрь
Жоомарт Оторбаев: «Калкты жана экономика тармактарын жылытуу мезгилине даярдоону күчтөндүрүү керек»
Бүгүн, 24-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев калкты жана экономика тармактарын 2014- 2015-жылкы жылытуу мезгилине даярдоо боюнча селектордук жыйын өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри энергетикалык тармактагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жылытуу мезгилине өз маалында жана тийиштүү даярдык көрүүнүн зарылдыгын белгиледи.
Селектордук жыйын жүрүшүндө экономика тармактарынын жана калктын кышка карата даярдыгы: отун камдоо, оңдоо иштерин өткөрүү, социалдык обьектилерди камдоо боюнча даярдыгынын жыйынтыгы чыгарылды.
Учурда республиканын аймактарында көчмө топтор иш алып барууда, алардын милдетине экономика тармактарынын жана калктын кышка карата даярдыгын көзөмөлдөө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү жана жаңы тарифтик саясат принциптерин түшүндүрүү иши кирет.
Жылытуу мезгилине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев снуштады.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 728 млн м3 (2013-жылдын ушул мезгилине карата 4 млрд 177 млн м3 аз) түзөт.
“Азыркы учурда Токтогул суу сактагычына суу ресурсун топтоо боюнча татаал кырдаал түзүлүүдө. Натыйжада, күз-кыш мезгилине карата суу сактагычтагы төмөнкү запас менен кирүү коопсуздугу жана бир катар керектөөчүлөрдүн электр менен камсыздалышынын үзгүлтүккө учурашы ыктымал»,- деп белгиледи тармактык министрликтин жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан суу-энергетикалык ресурстардын тартыштыгын толтуруу максатында Казакстандан Кыргызстанга кошумча электр энергия көлөмүн берүүсү боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
25-октябрда вице-премьер-министр В.Диль жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Түркмөнстанга учуп кетет, анда Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо маселеси каралат.
Ошондой эле жыйын жүрүшүндө бардык облустарда байкалып жаткан электр энергиясын пайдалануу чегинен ашып кетүү маселеси да талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мамлекеттик орган, ишкана, социалдык обьектилердин жетекчилерине белгиленген чектен ашпоосу тууралуу эскертти.
Энергетика жана өнөр-жай министрлиги жыйын катышуучуларына республика боюнча камдалган отун көлөмү туурасында маалымат берди, бюджеттик уюмдар үчүн учурдагы план боюнча 124,297 миң т көмүр камдалышы керек болсо, анын 106,882 миң тоннасы (86,0%) даярдалган; ал эми калк үчүн план боюнча 454,472 миң т көмүр керек болсо, анын 647,348 миң тоннасы (142,4%) даярдалган. Учурда республика боюнча 577 отун базасы жана сатуу пункттары иштеп жатат (2013/2014-ж. 516 отун базасы жана көмүр сатуу пункттары иштеген).
Көмүргө карата баа маселесине тийиштүү белгиленгендей, КР Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу боюнча мамагенттик республиканын ар-бир облусундагы экинчи рыноктогу көмүргө карата бааны жөнгө салууну ишке ашырат.
Премьер-министр энергетика жана өнөр-жай министринин отчетун угуп, жаңыдан дайындалган министрдин ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыты катары ведомстводогу жана бөлүштүрүүчү компаниялардагы коррупцияга каршы туруу болуп эсептелээрин билдирди.
Өкмөт башчы К.Турдубаевге энергетика жаатындагы коррупция менен күрөшүү боюнча программа даярдоону тапшырды.
Андан соң көчмө иштиктүү топ жетекчилери Жоомарт Оторбаевге өлкө аймактарынын кыш мезгилине карата даярдыгы тууралуу маалымат беришти. Отчёттордо жер-жерлердеги көйгөйлүү маселелер көрсөтүлгөн.
Селектордук жыйын жүрүшүндө өзгөчө көңүл Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык аймактарда жүргүзүлүп жаткан жаңы тарифтик саясат принциптери тууралуу түшүндүрүү иштерине бурулду.
Өкмөт башчы белгилегендей, 31-октябрда Өкмөттүн жыйынында экономиканын бардык тармактарынын жана калктын жылытуу мезгилине даярдоонун акыркы жыйынтыктары каралат.
“Жылытуу мезгилине карата даярдыкты күчтөндүрүү, жарандар арасында жаңы тартифтик саясат тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуу зарыл», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр Республикалык штаб мүчөлөрүн, маморган, мекеме жетекчилерин кышка карата даярдыктын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүлүшүнө жекече жоопкер экендиктерин эскертти.
Республикалык штаб кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү