19

Январь

2015

Бүгүн Дамира Ниязалиева “Министр байланышта” акциясына катышат

Бүгүн, 19-декабрда, “Ачык Өкмөт” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева “Министр байланышта” акциясына катышат. Эртең менен Дамира Ниязалиева «Биринчи радионун» түз обосуна чыгып, “Кыргыз Республикасынын социалдык тармагындагы реформалар” темасында сөз сүйлөп, радиоугуучулардын суроолоруна жооп берет. Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Дамира Ниязалиева маалымат агенттиктеринин жана радиолордун журналисттери менен жолугушат. Ошондой эле “Вице-премьер-министр байланышта» акциясынын алкагында Дамира Ниязалиева «ЭлТР» коомдук телеканалынын кечки берүүсүнүн коногу катары катышмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү