11

Декабрь

2014

Бүгүн КР Өкмөтүнө караштуу МКК төрайымы Алина Шаикова «Министр байланышта” акциясына катышат

Бүгүн, 11-декабрда, “Ачык Өкмөт” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова «Министр байланышта” акциясына катышат.

Эртең менен Алина Шаикова «Замана» берүүсүнүн түз обосуна чыгып, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жалпы улуттук кампаниянын мазмуну жана жарандар менен түздөн-түз иш алып барган түзүмдүк подразделениелердин ишинин сапатын жакшыртуу боюнча кызматтын учурдагы милдеттери тууралуу айтып берди.

Күндүн экинчи жарымында, саат 15.00 «АКИпресс» маалымат агенттигинде КР Өкмөтүнө караштуу МКК төрайымы Алина Шаикованын катышуусунда он-лайн басма сөз жыйыны өткөн.

Ошондой эле Мамкаттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова «Слово Кыргызстана» гезитинин журналисттерине “МКК реформалар, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча улуттук кампания” темасында интервью берет, ал эми аталган кызмат төрагасынын орун басары Дастан Ногоев «Комсомольская правда» гезитине интервью берет.

Мындан тышкары, “Министр байланышта” акциясынын алкагында «Инфоком» Мамлекеттик ишканасынын тейлөөлөрдү өнүктүрүү бөлүм башчысы Ж. Рыскулов «Эркин Тоо» гезитине “Биометрикалык маалыматтарды чогултуу, маалыматтарды коргоо боюнча улуттук кампания” темасында интервью берет.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МКК төрагасы Алина Шаикова, кечээ, 10-декабрда, “Министр байланышта” акциясынын алкагында “Биринчи радионун” түз обосуна чыгып, радиоугуучулардын суроолоруна жооп берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү