17
Ноябрь
2014
Милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө Өкмөттүн Резервдик фондунан 200 миң сом бөлүнгөн
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев тарабынан кол коюлган.
200 миң сом кызматтык милдетин өтөөдө курман болгон милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө материалдык көмөк көрсөтүү иретинде бөлүнөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү