12
Февраль
2018
Семетей Черикбаев Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Черикбаев Семетей Мырзабекович мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү