05

Апрель

2013

Бүгүн, 5-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Шамиль Атаханов Илим жана билим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы жана  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштурган “Кыргызстандагы Аксы окуялары,  2005-ж. Март, 2010-ж. Апрель революциясынын сабактары” аттуу илимий - практикалык конференцияга катышты. 

Иш чаранын  ишине Кыргызстандын  экс-президенти Роза Отунбаева, Билим жана илим министри Канат Садыков, Улуттук илимдер академиясынын президенти, Ош окуяларын иликтөө боюнча комиссиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев, илимпоздор жана студент жаштар катышты. 

Вице-премьер Шамиль Атаханов өз сөзүндө Абдыганы Эркебаев менен ош окуяларын иликтөө комиссиясында болгонуна токтолду. “Мен ал окуяларды иликтегем жана ошол убактагы Президент Роза Отунбаева оор учурда аялзатына гана мүнөздүү сапат менен туруктуулукту сактап кала алды”,- деди ал. 

Ошондой эле ал илимий-практикалык конференция апрель окуяларын иликтөөгө салымын кошоорун белгиледи.

 

КР Өкмөтүнүн  Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү