12
Октябрь
ШКУ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
Тажикстан Республикасына иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар (премьер-министрлер) бир катар, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун 2019-жылга карата бюджети жөнүндө, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу Программасынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жөнүндө жана ШКУ мүчө-мамлекеттердин аймактар аралык кызматташуусун өнүктүрүү Программасын даярдоо жөнүндө документтерге кол коюшту.
Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмунун азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташуу Программасы жактырылып жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу ведомстволорунун ортосунда транс чек аралык эпизоотикалык ооруларды биргелешип алдын алуу жана көзөмөлдөө тармагында техникалык кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду.
Ошону менен бирге жыйындын катышуучулары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) кеңешинин 17-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен коммюникеге кол коюшту.
[su_carousel source="media: 124317,124320,124318,124315,124316,124319" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү