25
Январь
2012
Өкмөттүн отурумунун экинчи маселеси болуп КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын 2012-жылга жана 2013-2014-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомолуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоору каралды.
Бул маселе боюнча экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев доклад жасап, 2010-жылдын такталган көрсөткүчтөрүнөн улам, ошондой эле 2011-жылдын алгачкы маалыматтарынын негизинде 2012-жылы экономиканын реалдуу өсүшү 7,5% деңгээлинде күтүлө тургандыгын, мында ИДП көлөмү 319,2 млрд.сомду түзө тургандыгы божомолдонуп жаткандыгы, бул болсо мурда күтүлгөн ИДП көлөмүнөн 14,4 млрд.сомго ашыкча экендиги белгиленди.
Туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо максаттарына ылайык, өсүш өлкөнүн ИДПсын түзгөн реалдуу экономиканын бардык секторлору тарабынан колдоого алынмакчы. Мында тейлөө, өнөр жай объектилери жана ишканаларынын ишинен максималдуу салым болушу күтүлүүдө. Курулуш секторунун салымы жаңы инвестициялык долбоорлорду баштоонун эсебинен көбөйтүлөт.
Министрдин сөзүнө караганда, токтоп турган 30 ишкананын ишин жандандырып, жарым кубаттуулукта иштеп жаткан миңден ашуун ишканаларды толук кубаттуулукта иштетүү үчүн иш-аракеттер көрүлөт. Түз инвестициялардын көлөмү жаңы жылда 671 млн. доллар өлчөмүндө болоору күтүлүүдө, бул былтыркы жылдын көрсөткүчүнө караганда 13% жогору.
Талкуунун жыйынтыгында аталган токтомдун долбооруна өзгөртүүлөр айтылган сунуштарды эске алуу менен киргизилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү