03

Февраль

2012

2012-жылдын 31-январындагы Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутат Исмаил Исаков Ош областынын Алай райондук администрациясынын башчысынын талапкерлигине “Республика” саясий партиясынан Алмазбек Осмонов көрсөтүлгөндүгүн айтты. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Маалыматтык саясат бөлүмү А.Осмоновдун талапкерлиги “Ата-Журт” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөндүгүн маалымдайт. Тиешелүү сунуш 2011-жылдын 13-августунда “Ата-Журт” фракциясынын лидери К.Ташиевдин колу коюлуп, КР Премьер-министри А.Атамбаевге жөнөтүлгөн.