15
Февраль
Бүгүн, 14-февралда, Өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россиялык комиссиянын Тең Төрагаларынын жолугушуусу болду.
Кыргыз тараптан комиссиянын Тең Төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, ал эми Россия тарабынан Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов эсептелерин билдиребиз.
Жолугушуу учурунда Өкмөттөр аралык комиссиянын 14-жыйынынын чечимдеринин аткарылышы талкууланды жана тараптар бир топ чечимдер ишке ашканын, айрымдары ишке ашуу стадиясында экендигин белгилешти.
Тең Төрагалар эки өлкөнүн энергетика, тоо-кен, телекоммуникация, миграция, бажы, гуманитардык тармактарда өз ара кызматташууну, ишкерлердин кызматташуусун талкуулашты. Жогоруда талкууланган маселелер март айында Москва шаарында өтүүчү комиссиянын кийинки жыйынында каралмакчы.
Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрындагы “Камбар-Ата ГЭС-1” жана “Жогорку Нарын ГЭС” курулушу жана эксплуатациялоо тууралуу Келишимди ишке ашыруудагы жоопту уюмдардын маалыматтары угулду жана аталган курулуштардын туруктуу иштерин камсыздоо боюнча .мындан аркы иш аракеттерди талкуулашты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү