24
Октябрь
2020
Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна иш сапар менен барат
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 25-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунун иш сапар менен барат.
Иш сапарда Өкмөт башчы Кочкор районунун Мантыш айылында курула турган социалдык шаарчанын пайдабулына капсула салуу аземине катышат. Ошондой эле анын курулуш долбоору менен таанышат.