17

Июнь

2020

Өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү салтанаты өттү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү.

Кубатбек Боронов мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы Премьер-министрге жана жалпы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ийгилик каалады.

Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, ошондой эле көпчүлүк коалицияга кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги фракциялардын лидерлери - Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев катышты.