11

Сентябрь

2012

Бүгүн, 10-сентябрда, Өкмөт Үйүндө Малайзиянын экс-Премьер-министри доктор Махатхир бин Мохаммад министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, КР Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын профессор-окутуучулар курамы жана илимий-эксперттик коомчулук менен жолугушту. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев бийик даражалуу конокко куттук айтуу менен Махатхир Мохамад Малайзиянын өкмөт башчысы болуп турган кезде жогорку натыйжаларга жеткенин белгиледи. «Чынчылдыгыңыз жана мекенчилдигиңиз менен Сиз мамлекетиңизди өнөр-жайы өнүккөн дүйнөдөгү алдынкы жыйырма өлкөлөрдүн катарына коштуңуз. «Малайзия керемети» жөнүндө сөз кылганда – бул  ислам, буддизм, индуизм диндерин жана конфуционизимди тутунуу менен ынтымакта бирге жашаган ар кыл общиналардын этнодиний гармониясы экендигин айтышыбыз керек. Так ушул фактор салттуу байлыктарды сактап калуу менен социалдык, экономикалык прогресске умтулган адамдарды шыктандырып, дем берген», — деди Н.Момуналиев. Малайзия Экс-Премьер-министри «Улутту өнүктүрүүдөгү Малайзиянын тажырыйбасы» деген темада баяндама жасап,   экономикалык саясатка, улуттар арасындагы мамилелерге жана мамлекеттик башкарууга байланыштуу негизги маселелерге токтолду. Жолугушунун алкагында Махатхир Мохамад мырза катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле доктор Махатхир бин Мохаммадга Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.