27

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль ГФР Экономика жана энергетика министрлигинин мамкатчысы Райнер Зонтовски менен жолугушту

Германия Федеративдик Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль ГФР Экономика жана энергетика министрлигинин мамлекеттик катчысы Райнер Зонтовски менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө германдык тарап экономикалык кызматташуунун жаңы баскычынын башталышы тууралуу келишимдерге басым жасап, эки өлкө аралык соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Буга байланыштуу Райнер Зонтовски кызматташууну өнүктүрүү процессине Германия Өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргызстандын бизнес жаатындагы адистерин даярдоо программасынын катышуучуларын тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Валерий Диль немис тараптын адистерди даярдоо, ошондой эле өлкөнүн экономикалык тармагын илимий жактан колдоого алуу жаатында көмөк берүүсүнүн зарылдыгын белгиледи.

Тараптар белгилегендей, жакынкы иш-чаралардын бири катары 2015-жылы Кыргыз Республикасында жана Германия Федеративдик Республикасында мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн жана тараптардын ишкерлер чөйрөсүнүн катышуусунда Кыргыз-герман экономика күндөрүнүн өткөрүлүшү эсептелет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү