27

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Дилдин ГФР ТИМ Россия, БА жана Чыгыш шериктеш өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Германия Федеративдик Республикасына (ГФР) болгон иш сапарынын жүрүшүндө ГФР ТИМинин Россия, Борбор Азия жана Чыгыш шериктеш өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Гернот Эрлер менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Борбор Азия боюнча Европа биримдиги стратегиясынын алкагындагы ГФР ТИМ Суу демилгеси маселеси талкууга алынды.

Гернот Эрлер аймактын башка өлкөлөрү үчүн үлгү болуп берчү Кыргыз Республикасындагы парламентаризм тажрыйбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү