10

Март

2012

Бүгүн, 9-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Өзбекстандын Премьер-министри Шавкат Мирзиеёв менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын Өкмөтүнүн Өзбекстан менен эки тарапка тең пайдалуу болгон бардык тармактагы кызматташууларды активдүү жүргүзүү үчүн чечкиндүү кадамдарга даяр экендигин билдирди. Эки жак тең эки өлкөнүн ортосунда күн тартибинде талкуулана турган маселелердин жыйылып кеткендигин айтышып, алардын ичинен айрым маселелер оң жагына чечилип калса, экономика, коргоо жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилешти. Кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн 2009-жылдан бери тынып калган абалын эске алуу менен Ө.Бабанов анын ишин жандандыруу максатында комиссиянын 8-и жыйынын өткөрүүнү сунуштады. Сүйлөшүүлөр учурунда эки тарап Өзбекстандан Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн жер семирткичтерди алып келүүнү талкуулашты жана бул тармакка тиешеси бар ишканалар арасындагы  кызматташуунун механизмдерин иштеп чыгуу боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле телефон аркылуу мындан аркы эки тараптуу алакаларды активдештирүү маселелери талкууланды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү