31
Январь
2012
2012-жылдын 30-январында Өкмөт үйүнүн имаратында КР Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашевдин жетекчилиги алдында КР Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү
Мамлекеттик аппараттагы өткөрүлүп жаткан структуралык реформанын алкагында мамлекеттик органдардын саны эле кыскарылбастан, мамлекеттик кызматкерлердин штаттык саны да кыскартылып, ушуга байланыштуу кызматтык автоунаалардын саны азайып, министрликтердин текшерүү жана көзөмөлдөөчү функциялары жоюлуп, бийликтин ашыкча текшерүүчү функциялары жана ыйгарым укуктары кыскармакчы.
Өкмөттүн жаңы структуралык түзүлүшүнө байланыштуу ошондой эле аткаруу бийлик органдарында болуп жаткан реформалар жана министрликтер менен мамлекеттик комитеттердин кыскарышы 20дан 16га жетип, админстративдик ведомстволор 24дөн 23гө кыскарат.
Комиссия жоюлган жана кайра түзүлгөн мамлекеттик органдардын функцияларын кайрадан бөлүштүрүп, алардын штаттык санын карап, мамлекеттик бюджеттин чыгашасы менен штаттык санынын көбөйүшүнө жол бербейт.
Комиссиянын жыйынында Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариевдин жетектеген жумушчу топтун жыйынында төмөнкү административдик ведомстволордун милдеттерин деталдаштыруу, чектөө, штаттагы кызматкерлердин санын жана кызматтык авто унааларды кыскартуу, административдик имараттарды бошотуу маселелери каралды:
1. Мамлекеттик салык кызматы;
2. Мамлекеттик бажы кызматы;
3. Геология жана минералдык ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги;
4. Айлана чөйрөнү жана токой чарбаны коргоо мамлекеттик агенттиги;
5. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция.
Айтып кетчү нерсе, мисалы, Жаратылыш ресурстары министрлигинин ордуна Геология жана минералдык ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлүп, учурда Комиссия бул жаңы органдын милдеттерин иштеп чыгып жатат.
Ал эми мамлекеттик салык жана мамлекеттик бажы кызматтары Социалдык фонд сыяктуу ушул жыл ичинде этап-этап менен автоматташтырылган системага өтүүсү менен анын дагы айрым кызматкерлери кыскартылат.
Аталган Комиссиянын жумушу Өкмөттүн “Стабилдүүлүк жана татыктуу жашоо” программасын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын бөлүгү болуп эсептелинет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү