07

Февраль

2012

Бүгүн, 6-февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашевдин жетекчилиги алдында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасын көтөрүү, аппаратка жумшалган чыгашаларды кыскартуудагы мамлекеттик саясатынын алкагында, КР мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Комиссия жоюлган мамлекеттик органдардын иш аракеттерин жана тапшырмаларын жаңы түзүлгөн органдарга бөлүштүрүү ишин аяктады. Жоюлган министрликтер менен ведомстволордун текшерүү жана көзөмөлдөө иш аракеттери, жаңы түзүлгөн Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы менен Тамак аш, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына бириктирилди. Мындан тышкары, комиссия министрлик менен ведомстволордогу штаттык орундар кеңейип, бюджеттик чыгашалар өсүшүнө жол бербеш үчүн 20 пайыздык кыскартууну карады. Кезектеги кеңешмеде Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариевдин жетекчилиги алдындагы иш группа аныктап чыккан башкаруу схемасы, иш аракеттери, тапшырмалары жана түзүлгөн эки инспекциянын штаттык түзүмү комиссия тарабынан жактырылды: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Тамак аш, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы; Экологиялык, техникалык, тамак аш жана фитосанитардык коопсуздукту текшерүү жана көзөмөлдөө иш аракеттердин эки мамлекеттик органга биригүүсү, мурдагы бирин-бири кайталаган ашыкча иш аракеттерден арылтып, аткаруу бийлигиндеги коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүүгө жардам берет. Мурда каралган 32 мамлекеттик органдарды эсепке алуу менен орточо 2900 штаттык орундун кыскарышы күтүлөт. Комиссиянын иши мамлекеттик саясаттын алкагындагы Өкмөттүн “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” программасы менен “100 күн” программасына дал келет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү