12

Октябрь

2013

 Бүгүн, 11-октябрда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Т.Мамытовдун төрагалыгы астында чек ара маселелери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү.

Отурумда  Кыргызстандын аймагында иштеген  чектеш мамлекеттердин (Тажикистан, Өзбекстан) жарандарын эсепке алуу максатында миграциялык карталарын киргизүү маселеси жана Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарындагы коомдук-саясий абал талкууланды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов баяндама жасап, башка мамлекеттердин тажрыйбасы көргөзгөндөй, миграциялык карталарды киргизүүдө бир топ каражаттар талап кылынарын, эң негизгиси аларды жасоо, жана миграциялык карталардын дүмүрчөктөрүн сактоо үчүн керектүү шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Мисалы, Кыргызстандын аймагына киришкен Өзбекстандын жана Тажикстандын эле жарандары үчүн жылына 1 млн. 600 миң даана миграциялык карталарын жасоого туура келет.

Ошондой эле К.Матеновдун маалыматына ылайык, азыркы учурда Мекемелер аралык бирдиктүү маалымат тутумун (МБМТ) түзүү жана аны жайылтуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тутумду түзүүнүн негизги максаты –  чет өлкөлүк жарандардын, Кыргызстанга барам деген билдирүүсүнөн баштап, алардын биздин чек арадан өтүп бул жакта жүргөн жана республикадан чыгып кеткенге чейинки убактысын эсепке алуу.

Анын айтымында, МБМТнын түзүлүшү менен миграциялык көзөмөлдөөнү карточкасы жок эле жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Экинчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баяндама жасады. Анын айтымында, Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек аранын такталбагандыгы көпчүлүк карама-каршылыктардын жана жаңжалдардын чыгышына себеп болууда.

Мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация жол-жобосунун аягына чыкпагандыгы, малдарды жайытка мыйзамсыз чыгаруу, жерлерди мыйзамсыз басып алуу, сугат сууларын ирригациялык тутумдардан уруксатсыз алуу чек арадагы негизги көйгөйлөр болуп эсептелет. Алар чек арада чыр- чатактардын чыгышына себеп болуп, жарандардын өлкөнүн жагымдуу шарттары бар башка аймактарына жер которушуна алып келүүдө.

2013-жылдын башынан бери жалпысынан 41 чек ара чыр-чатагы катталган: Тажикстан менен – 28, Өзбекстан менен – 12, Казахстан менен – 1 жана анын ичинен 7 – кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө  8 токтом чыгарылып, башка органдарга 10 иш өткөрүлүп берилген, 16 чыр-чатактар сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынган.

“ Чек арадагы аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында күч мекемелери биргелешкен буйрук чыгарышкан. Ага ылайык, өзгөчө кырдаал түзүлгөндө, мамлекеттик чек араны массалык түрдө мыйзамсыз өтүү жана мыйзамсыз куралдуу кылмышкерлер тобунун басып кирүү учурларында  мамлекеттик чек араны кайтарууда жана коргоодо чек ара аскерлерине көмөк көрсөтүү милицияны негизги милдети болуп эсептелет. Көмөк көрсөтүүчү туруктуу топторду көбөйтүү максатында, айылдардагы милициянын кошумча бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө Өкмөткө сунуш киргизилген, азыркы учурда аларды ички резервдин эсебинен чогултуу маселеси чечилүүдө,” – деп кошумчалады К. Асанов.

Талкууланган маселелер боюнча өкмөттүк комиссия тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү