21
Ноябрь
Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны болду.
Күн тартибине ылайык Ички иштер министирлигинин ишин текшерүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын отчету угулду, ошондой эле ИИМди реформалоо процессин активдештирүү боюнча маселе талкууланды.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Элдияр Убалиев ИИМдин ушул жылдын 8 айындагы иштеринин негизги багыттарын текшерүүдөгү жыйынтыгына токтолду.
Анын айтуусу боюнча ИИМдин ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн баалоодогу базалык көрсөткүчтөр эксперттерди тартуу менен текшерилген. Кадрлар менен иштөө, каржылоо-чарбалык иштер, аткаруучулук жана кызматтык тартип, мыйзамдуулук, ошондой эле ички иштер органдарынын уюшулган кылмышкерлер менен күрөшүүдөгү, мыйзамсыз бангизаттардын айланышы, коррупция жана кызматтык кылмыш иштери тууралу маселелер кошумча иликтенген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы ИИМдин жогоруда айтылган багыттары боюнча көптөгөн тартип бузууларды көрсөттү. Коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңешинин мүчөлөрү Ведомстволор аралык комиссиянын кортундусун эске алуу менен, министирликтин кезексиз коллегиясында жооптуу кызматкерлердин ээлеген кызмат орундарында мындан ары ылайыктуулугун кароо сунушталды.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өз сөзүндө мындан ары башка министирликтердин, ведомстволордун ишмердүүлүгү да этап-этабы менен текшерилээрин жана алардын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында карааларын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү