19
Сентябрь
2012
Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиеванын төрагалыгынын астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиясынын
заседаниеси болуп өттү.
Кыргыз Республикасында күйдүргү оорусу боюнча учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунун директорунун орун басары Акматбеков Кубатбек Акматбекович маалымдады. Анын маалыматына караганда республикада күйдүргү оорусу жуккан 1236 очок катталган, анын ичинен 44 пайызы аныкталган эмес. Ошондой эле быйыл күйдүргү менен ооруду деген шектөө менен 12 киши катталган, анын ичинен 5 факт тастыкталган. «Биз кооптуу тобун аныктоо боюнча иш жүргүзүп, аларга вакцинация жасоо боюнча иштерди жүргүзүп жататбыз. Ошондой эле жер-жерлерде алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат», — деди ал.
Катышуучулар 11 миңден ашык адамдан турган кооптуу топту вакцинациядан өткөрүү тууралуу маселе козгошту. Ошондой эле заседаниеде күйдүргү жугуу коркунучу бар топко кирген эт саткан, эттен жасалган тамак-аш жана бөлөк мал-чарбалык продукция өндүрүү же сатуу менен алек болгон жеке ишкерлерге сөзсүз түрдө эмдөө алуу сунушталган.
Өз кезегинде вице-премьер-министр күйдүргү оорусу менен жугууну алдын алуу иштери керектүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнүн белгиледи. «Биз бүгүн бир мамлекеттик орган чече албай турган өтө оор маселени карап жатабыз. Бул маселени чечүү бардык министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамадминистрациялардын биргелешкен аракеттери болушу керек», — деди К.Талиева.
Күн тартибинин экинчи маселеси болуп грипп оорусунун сезондук көбөйүшүнө каршы даярдыктын абалы жөнүндөгү маселе каралды. Бул маселе боюнча Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин директору Абдикаримов Сабиржан доклад жасады.
Анын маалыматы боюнча учурда тез медициналык жардамдын, ооруканалардын, балдардын интернат үйлөрүнүн, карылар үйлөрүнүн кызматкерлери жана башкалар кирген кооптуу топ үчүн керек болгон деңгээлдеги вакциналарды сатып алуу маселеси чечилген эмес.
«Бүгүнкү күндө бюджеттин дефицити маселеси өтө курч турат, ошондуктан Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментине вакцинацияга өтө муктаж болгон калктын категориясына киргендердин тизмесин берүүсүн тапшырам», — деди К.Талиева.
Комиссиянын заседаниесинин аягында ылайык келген структураларга аныкталган тапшырмалар берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү