24

Октябрь

2020

Калкты сапаттуу жана жеткиликтүү дары-дармек каражаттары менен камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын төрагалыгы астында калкты сапаттуу жана жеткиликтүү дары-дармек каражаттары менен камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге Экономика министрлинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнктүрүү министрлигинин, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин өкүлдөрү катышты

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Аида Исмаилова дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алып, аны социалдык аптекалар аркылуу таркатуу үчүн мамлекеттик ишканаларды түзүү механизмин карап чыгууну тапшырды