07
Март
2012
Бүгүн, 2012-жылдын 6-мартында, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашевдин төрагалыгы алдында 2011-2012-жылдын күз-кыш жылытуу мезгилинен экономика тармактарынын жана калктын чыгуусу боюнча республикалык штабдын селектордук кеңешмеси болуп өттү.
Биринчи вице-премьер-министр кеңешменин башында энергокомпаниялардын жетекчилеринин жылуулук мезгилине толугу менен даяр деп билдиргени менен иш жүзүндө бүт баары таптакыр тескери болгондугун баса белгиледи.
“Аба-ырайы кескин түрдө өзгөрүп, суук болгон учурда энергосистема күн сайын авралдык режимде иштеп жатты. Энергокомпаниялар үчүн жарандардын талаптарын жолдорду тоскондон кийин гана чечүү тартип болуп калды. Ушуну менен бирге электр зымдарын жана жабдыктарын алмаштыруу үчүн акчаларда табылып жатты”, - деди А.Карашев. Ал мындай практиканы келе жаткан жылытуу мезгилине колдонуу болбой тургандыгын эскертип, энергокомпаниялардын жетекчилери жеке керт башы менен жооп берерин айтты.
Биринчи вице-премьер-министр абоненттерден жыйылуучу каражаттардын төмөн деңгээлин белгилеп, алдын ала төлөөчү эсептегичтерди ар бир үй-бүлөгө жана ишканаларга орнотууну айтты.
А.Карашев жаңы конуштардын энергия менен камсыздалышын, анын ичинде борбордо “Ак-Ордо” подстанциясын куруу үчүн жердин бөлүнүшү тууралу маселени көтөрдү.
Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев доклад жасап, ушул жылдын 1-и апрелине Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13,2 млрд. м3. түзөөрүн маалымдады.
Министрдин айтымында, 2013-жылдын февраль айында “Датка” көмөк чордону курулуп бүтсө, өлкөнүн түштүгүндө толугу менен энергетикалык коопсуздук менен камсыз болот.
А.Шадиев жарыктык Бишкек жана Ош шаарларында көп өчкөндүгүн баса белгилеп, бул жылы аталган шаарлардын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында 300-500 трансформаторлор сатып алынаарын айтты . Донорлордун жардамы менен Бишкектеги жер астында эскергин электр зымдарынын 74 км. жаңыланат, ал эми Ош шаарынын энергосистемасын жакшыртууга 393 млн. сом бөлүнөөрү маалымдалды.
Каралып жаткан маселе боюнча региондордун жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери да маалымат беришти.
Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Аалы Карашев өткөн жылытуу мезгили чоң сабак болушу керектигин баса белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү