27

Январь

2012

2012-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашевдин төрагалыгы алдында 2011-2012-жылдын күз-кыш жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча республикалык штабдын селектордук кеңешмеси болуп өттү. Биринчи вице-премьер-министр кеңешменин башында аба-ырайынын кескин түрдө өзгөрүп, суук болгондуктан төмөнкү гана эмес, жогорку чыңалуудагы да электр линияларында авариялардын болушуна алып келгендигин айтты. “Бул министирликте жана энергетикалык компанияларда алдын ала чараларды көрүү саясатынын жүргүзүлбөгөндүгүн көрсөттү. Биз элдин электроэнергия менен камсыздалышын үзгүлтүккө учуратпашыбыз керек. Энергетиктер жылытуу мезгилине толук даярбыз деп айтканына карабастан, энергосистеманын кышка тийиштүү даярдыгы толук болгон эмес. Авариялардан кийин гана, электр өткөргүчтөр жана жабдыктар алмаштырылып жатты”, - деп белгиледи А.Карашев. Ошондой эле энергетикалык сектордогу жалпы жоготуулар 19,5 пайыздан ашпаш керек болсо, иш жүзүндө 22,2 пайызды түзгөнүн, чогултуунун көлөмү болсо 94 пайызды гана түзгөнүн белгиледи. А.Карашев жаңы конуштардын энергия менен камсыздалышын, анын ичинде борбордо “Ак-Ордо” подстанциясын куруу үчүн жердин бөлүнүшү тууралу маселени көтөрдү. “Көмүргө болгон бааны көзөмөлдөөдө жергиликтүү бийликтин аракети начар болгондуктан кээ бир аймактарда көмүрдүн баасы өтө жогору болуп жатат. Өкмөттүн чечиминин негизинде ар бир регионго көмүр жеткирүүчү мекемелер жана калкка сатыла турган көмүрдүн баасынын чеги аныкталганына карабастан ушундай учурлар орун алууда”, - деп белгиледи А.Карашев. Андан кийин энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевдин доклады угулду. Ал электроэнергияны керектөө кескин түрдө өскөндүгүнөн энергетикалык жабдуулардын иштен чыгышын болтурбоо үчүн кээ бир райондордо электроэнергия менен камсыздоо 1-2 саатка токтолуп жаткандыгы тууралу маалымдады. “Электр энергияны керектөө өсүп жатат. Акыркы 3 сутканын ичинде керектөөнүн деңгээли 67 млн. киловатт саатка чейин жетти. Ошондон улам электр тармактары менен подстанцияларга күч келүүдө. 25-январга карата 190 жогорку чыңалуудагы подстанциялардын 17си ашыкча күч келүү акыбалында иштөөдө, анын 14ү Бишкек шаарында жайгашкан”, - деди А.Шадиев. Каралып жаткан маселе боюнча региондордун жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери да маалымат беришти. Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Аалы Карашев Энергетика жана өнөр министирлигине энергетикалык компаниялар жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте электр энергияны керектөөдө белгиленген лимиттерди катуу көзөмөлгө  алууну жана авариялык учурларды болтурбоо чараларын көрүүнү тапшырды. Ошондой эле  тиешелүү бийлик органдарына, анын ичинде облустук мамлекеттик администрацияларга жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо чараларын көрүүнү тапшырды.   Каржы министирлигине бийик тоолуу райондордун тургундарына компенсацияларды төлөө маселесин карап чыгууну сунуштады.  КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү