08
Февраль
2012
2012-жылдын 7-февралында КР вице-премьер-министри Гульнара Асымбекованын, КР Жогорку Кенешинин депутаттарынын жана кызыккан тараптардын катышуусунда Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборундагы абал боюнча кеңешме өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар талкууланып жаткан маселе боюнча пикир алмашышты.
Кеңешменин жыйынтыгында вице-премьер-министр Г.Асымбекова төмөнкүдөй тапшырмаларды берди:
- КР Социалдык тармакты өнүктүрүү министрлигине Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте үч күндүк мөөнөттө Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборун социалдык коргоо органдарынын карамагына которууну карап чыксын жана сунуш киргизсин;
- Бишкек шаарынын мэриясына бир жумалык мөөнөттө чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн чечкиндүү чараларды көрсүн жана бул боюнча КР Өкмөтүнө маалымат берсин.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү