09

Март

2012

Кыргыз Республикасынын Аппаратынын жетекчисинин орун басары, коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Көлбай Мусаев тийиштүү органдардын жетекчилери менен “Манас” аэропортунун аймагына кирүүчү автоматташтырылган системаны иштетүү боюнча жыйын өткөрдү. Жыйын учурунда Өкмөт транспорт инфраструктурасына тиешелүү объекттердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу менен биргеликте мындай иш чаралардын тек кана мыйзам чегинде аткарылуусун талап кылаары айтылды. Жолугушуунун жыйынтыгында транспорт жана байланыш министрлигине “Эл Аралык “Манас” аэропорту” Ачык акционердик коому жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Манас” аэропортунун аймагына кирүүчү автоматташтырылган системаны иштетүү жана пайда болгон тоскоолдуктарды чечүү тапшырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын  коргоо, укук тартиби жана  өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн