27

Январь

2012

2012-жылдын 26-январында КР Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу системасын оптимизациялоо боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү. Отурум учурунда КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев жетектеген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын ортосундагы функцияларды чектөө жана деталдаштыруу, ошондой эле алардын штаттык санын кыскартуу боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыктары, ошондой эле реформа жана маморгандардын штатын кыскартууга байланыштуу административдик имараттарды жана кызматтык унааларды бошотуу боюнча сунуштары  каралды. Реформа жүргүзүүнүн алкагында Комиссиянын кароосуна төмөнкү 11 административдик ведомстволор боюнча сунуштар берилди: 

1.    Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд

 2.    Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 

3.    Мамлекеттик материалдык резервдер боюнча фонд 

4.    Социалдык фонд 

5.    Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту 

6.    Каржы рыногуна көзөмөл кылуу жана тескөө мамлекеттик кызматы 

7.    Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 

8.    Мамлекеттик байланыш агенттиги 

9.    Каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 

10.     Интеллектуалдык жеке менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы

 11.    Жогорку аттестациялык комиссия Мамлекетик органдардын штаттык саны орточо эсеп менен 20 пайызга кыскарды, бошогон имараттардын аянты 1500 кв.метрди түзөт, 700 автомобиль кыскарат. Комиссиянын иши мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу багытында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында аткарылууда. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын ортосундагы функцияларды чектөө жана деталдаштыруу, ошондой эле алардын штаттык санын кыскартуу боюнча жумушчу топтун иши уланууда, натыйжалар Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна киргизилмекчи.

 КР Өкмөтүнүн АппаратынынМаалыматтык саясат бөлүмү