11

Март

2015

Өлкөдөгү Зыяндуу заттардын агындысын кыскартуу боюнча натыйжалуу чараларды жана аракеттерди талкуулоо боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 11- мартта, Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы астында Зыяндуу заттардын агындысын кыскартуу боюнча натыйжалуу чараларды жана аракеттерди талкуулоо боюнча координациялык комиссиянын кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Т.Сарпашев белгилегендей, Кыргызстан улуттук жана секторалдык деңгээлде аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн келип чыгуучу коркунучтарды төмөндөтүүгө, ошондой эле БУУнун аба-ырайын өзгөртүү тууралуу рамкалык конвенциясына ылайык дүйнөлүк коомчулук алдында алган милдеттенмелерди аткарууда жетиштүү саясый эрктүүлүктү көрсөтүүдө. “Аба-ырайы конвенциясы боюнча копенгагендик келишимге ылайык, Кыргызстандын 2020-жылга уулуу заттардын агындысын кыскартуу тууралуу ыктыярдуу милдеттенмеси боюнча макулдашылган көз-карашы иштелип чыккан. Уулуу заттардын агындысын кыскартуу иш жүзүндө отун-энергетикалык ресурстарды пайдаланууну кыскартылышын түшүндүрөт, ал өз кезегинде биздин өлкөгө энергетикалык, экономикалык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого, аба-ырайынын өзгөрүүсүнө тийиштүү глобалдык көйгөйдү чечүүгө мүмкүндүк берет. Коюлган максаттарга жетишүү үчүн уулуу заттардын агындысын кыскартуу боюнча чаралардын тизмесин иштеп чыгуу, ар-бир иш-аракет жана чаралар ишке ашырылган кездеги кыскаруунун болжолдонгон көлөмүн жана алардын наркын аныктоо зарыл», – деди Тайырбек Сарпашев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү