08

Октябрь

2013

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиеванын жетекчилиги алдында  саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздоо боюнча Кеңештин отуруму өттү

Анда төмөндөгү маселелер талкууланды:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2012-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчёту

2. 2013-жылга карата медициналык кызматка акы төлөөнүн нормативдери жөнүндө.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй токтом кабыл алынды:

1. ММК фондунун 2012-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту жактырылсын.

2. 2013-жылга төмөнкүлөр кабыл алынсын:

 Республикалык бюджеттин каражаттарынан:

- стационарлардын медициналык кызматына акы төлөөнүн базалык ставкасы 4400 сом өлчөмүндө;

- Үй-бүлөлүк медицина борборлорун каржылоонун киши башына ченемдери 176 сом өлчөмүндө;

- Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун киши башына ченемдери 186 сом өлчөмүндө;

- стоматологиялык поликлиникаларды каржылоонун киши башына ченемдерди 40 сом өлчөмүндө;

- бир тилкелик медициналык тез жардам бригадасына 550000 сом өлчөмүндө.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан:

- стационарлардын медициналык кызматына акы төлөөнүн базалык ставкасы 1950 сом өлчөмүндө;

- Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун киши башына ченемдери 100 сом өлчөмүндө;

- ММКнын Кошумча программасы боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун киши башына ченемдери – бир жылга бир камсыздандырылган адамга 45 сом.

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынан:

- стационарлардын медициналык кызматына акы төлөөнүн базалык ставкасы 3855 сом өлчөмүндө;

- Үй-бүлөлүк медицина борборлорун каржылоонун киши башына ченемдери 222,8 сом өлчөмүндө;

- Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун киши башына ченемдери 222,8 сом өлчөмүндө;

- стоматологиялык поликлиникаларды каржылоонун киши башына ченемдерди 32,9  сом өлчөмүндө;

- бир тилкелик медициналык тез жардам бригадасына 377000 сом өлчөмүндө.

 Маалымат иретинде:

Азыркы учурда Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардамдын түрлөрүн көрсөткөндүгү үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга келип түшкөн каражаттардын чегинде чыгымдардын ордун толтуруу принциби боюнча түзөтүүчү коэффициенттерди эске алуу менен каржылоонун базалык нормативдеринин негизинде жүргүзүлөт.

Медициналык кызматка акы төлөө  стационарларда дарыланып чыккан оорулуулар үчүн, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарда (үй-бүлөлүк медицина борбору, жалпы дарыгерлер тажрыйбалык борборунун амбулатордук кызматы, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору)  - катталган калктын киши башына ченеми боюнча жүргүзүлөт.

Аталган ишмердүүлүктүн ар бир түрү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган финансылык ресурстардын жана жеңилдиктердин аныкталган көлөмүндө Мамлекеттик кепилдиктер программасы иштелип чыккан, мунун өзү акысыз жана жеңилдетилген шартта медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

Берилген жеңилдиктер мамлекеттик бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын эсебинен (республикалык бюджет, Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети, ММК) бир оорулууну дарылоонун наркынын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу механизми аркылуу жүзөгө ашырылат.

Республикалык бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен медициналык кызматка акы төлөө жана каржылоо үчүн ченемдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоонун базалык нормативдерин эсептөөнүн» методикасына ылайык аныкталат.

Киши башына каржылоонун нормативи – бир тейленүүчү же катталган жашоочуга  баштапкы медициналык-санитардык көрсөтүүнү каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү түзөтүүчү коэффициенттерге оңдоо киргизүү менен.

Базалык ставка -  мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан ар бир дарыланып чыккан адам үчүн багытталган стационардык жардамды каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү, стационардык жардамды каржылоонун жалпы көлөмүн эске алуу менен.

Медициналык кызматка акы төлөөнүн аталган нормативдери  пландаштырылган жылы республикалык бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун  жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын болжолдонгон келип түшүү көлөмүн эске алуу менен, ММК фондун каржылоого багытталган каражаттарды жана медициналык кызмат менен жабдуучуларга  ММК каражаттары боюнча өтмө карыздары болсо, аларды төлөөгө кеткен каражаттарды алып салуу менен эсептелет.

Аталган программаларды каржылоого 2013-жылы Бирдиктүү төлөөчү системасынын консолидацияланган бюджетине алдын ала 10 383,0 млн. сом суммасында каражат пландаштырылган, анын ичинен республикалык бюджеттен – 7 042,8 млн. сом каралган, жергиликтүү бюджеттен – 1 067,2 млн. сом, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары боюнча – 1 821,7 млн. сом, анын ичинде республикалык бюджеттен төлөнүүчү калктын социалдык аялуу катмарынын айрым категорияларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр 259,4 млн. сом, калктан кошумча төлөм түрүндө  - 248,8 млн. сом, республикалык бюджеттин атайын каражаттары – 137,0 млн. сом жана жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары 65,5 млн. сом.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү