14

Август

2012

Бүгүн, 14-августта, КР Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун төрагалыгы алдында КР Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Отурумду ачып жатып, Премьер-министр Ө.Бабанов жарандык коом тарабынан көп нааразычылыкты туудурган жана 20 миң доллардан ашык суммага соода кылууну декларациялоого тиешелүү болгон мыйзам долбоорун кайрадан чакыртып алууну чечкендигин маалымдады. Каржы министри Акылбек Жапаровдун иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясын же айлыгын алып салуу боюнча билдирүүсүнө кайрылып, Премьер-министр “эч ким иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясына же айлыгына тийишпейт” деп жарыя кылды. “Пенсиялардын көлөмү аз болушуна биздин дагы күнөөбүз бар экендигин моюндашыбыз керек. Каржы министрлиги пенсияларды кыскартабыз дегендин ордуна алардын көлөмүн кайсы булактардан алып көбөйтсөк деген маселени чечсе болмок”, - деди Ө.Бабанов. Отурумдун күн тартибине 3 маселе киргизилген. Биринчи маселе боюнча КР Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги Талантбек Исаев доклад жасады. Анын сөзүнө караганда, Жол-кайгуул кызматы ИИМдин курамына кирет жана коомдук жайлардагы кылмыштуулук менен күрөшүү, жол коопсуздугун камсыздоо жаатында атайын инспекциялык, көзөмөлдөө, уруксат берүү сындуу функцияларды аткармакчы. Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү токтомдун долбоору айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды. “Жаңы түзүлүп жаткан кызмат элдин жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн орган эң коррупциялашкан орган деген пикирин өзгөртүүгө аракет кылышы керек”, - деди Ө.Бабанов. Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Санжар Муканбетов доклад жасады. Анын сөзүнө караганда, социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын тизмесине буудай уну, нан, пастеризацияланган сүт, суу май, тоң май, эт (уй эти, кой эти, чочко эти) кумшекер, күрүч жана макарон азыктары киргизүү сунушталууда. Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алуу айрым азык-түлүк товарларына болгон бааны мамлекеттик жөнгө салуунун механизмдерин караштырат. Талкуунун жыйынтыгында токтом долбоору кабыл алынды. Андан соң “Кыргызпочтасы” Мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү боюнча презентация болду. Отурумдун аягында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеш менен болгон натыйжалуу кызматташуусу үчүн Өкмөттүн парламенттеги Туруктуу өкүлү Динара Молдошевага КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырып, ишине ийгиликтерди каалады.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү