29
Август
2012
Бүгүн, 14-августта, КР Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун төрагалыгы алдында Кр Өкмөтүнүн кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумду ачып жатып, Премьр-министр Ө.Бабанов 20 миң доллардан ашык суммага сатып алууларды милдеттүү түрдө декларациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алуу туурасында чечим кабыл алынгандыгын айтты.
А.Жапаровдун иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясын кыскартуу туурасындагы демилгесине кайрылып, Премьер-министр “бул демилге эч качан колдоого алынбайт” деп баса белгиледи.
“Пенсиялардын көлөмү аздыгынан пенсионерлерибиз иштегенге мажбур болуп жатышына биздин да күнөөбүз бар. Финансы министрлиги алардын пенсиясын кайсы булактардын эсебинен көбөйтүү керек деген маселенин үстүндө иштеши керек”, - деди Ө.Бабанов.
Отурумдун күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча ИИМдин ЖККББ начальниги Талантбек Исаев доклад жасады. Анын сөзүнө караганда, ЖКК кызматкерлери үч сменада иштеп, жол коопсуздугунун сакталышына көзөмөл жүргүзүшмөкчү.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү токтомдун долбоору айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.
“Жаңы кызмат бул системада чындап эле кардиналдуу өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына эл ишенгидей болуп иштеши керек”, - деди Ө.Бабанов.
Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Санжар Муканбетов доклад жасады. Анын сөзүнө караганда, эгерде долбоор кабыл алына турган болсо, баалар өтө өсүп кеткен учурда КР Өкмөтү 90 күн аралыгына тиешелүү азык-түлүктүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизгенге мүмкүнчүлүк ала турган болот.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча токтом долбоору айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.
Андан соң «Кыргызпочтасы» Мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү боюнча презентация жасалды.
«Кыргызпочтасынын» жетекчиси Айдар Мокеновдун сөзүнө караганда, бул ишкана «Кыргыз почтасы» АК болуп өзгөртүлүп, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү да өзүнө камтый турган болот. “Кыргызпочтасы” АК региондордо 922 филиалы болот, ал эми акцияларынын 100% тең КР Өкмөтүнө тиешелүү болот.
Отурумдун аягында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеш менен натыйжалуу кызматташуусу үчүн Өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Динара Молдошевага КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырып, иштерине ийгилик каалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү