17

Сентябрь

2014

Өкмөткө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү

Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында КР Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынды ачууда, КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш аянтчасындагы натыйжалуу баарлашууну улантуу аркылуу мамлекет жана бизнес ортосундагы тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Инвестициялардын өсүүсү бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө байланышкан. Мамлекеттик жөнгө салуунун көптөгөн чаралары, анын ичинде текшерүү, лицензиялардын саны бир топ кыскартылган», — деди Премьер-министр.

Күн тартибине ылайык, төрт маселе - Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалымат, Бажы биримдиги рыногуна товарлардын жеткиликтүүлүгү, курулуш тармагын өнүктүрүү жана кошумча нарк салыгы (КНС) маселелери талкууланды.

Алгачкы маселе боюнча Кеңеш катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов он алтынчы жыйындын кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышы, анын ичинде социалдык төлөмдөр, ветеринария тутумунда статуардык ветеринардык органды уюштуруу жана туризмди өнүктүрүү маселеси боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, Кеңештин чечимин аткарууда жети сунуштун бешөө аткарылып, анын бири аткарылууда.

Жыйын жүрүшүндө “Жаңы экономикалык демилгелер” Кыргыз-Россиялык Ассоциация башкармалыгынын төрагасы Максим Ивченко Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин дарегине сын билдирди.

Максим Ивченконун айтымында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кеңеш чечимдерин көз жаздымда калтырууда. «Биздин каттарга жана арыздарга министрликтен бир дагы жооп келген жок. Жыйын протоколдоруна кол коюлган эмес, аталган министрлик аракетсиз бойдон калууда»,- деп кошумчалады Максим Ивченко.

Бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн пикирин уккан соң, Премьер-министр Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлүнө Кеңеш сунуштарын аткарууга байланыштуу эскертүү жасады.

“Бир нече ай мурда мен министрге ишке уруксаат берүүнүн критерийлерин иштеп чыгуу тапшырмасын бергем. Чет өлкөлүк өлкөлөрдүн үлгүсү жана тажрыйбасы бар, бирок азыркыга дейре бизде эч нерсе жок, жакынкы арада биз Эмгек министрлигинде кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзөбүз»,- деди КР Премьер-министри.

Кеңештин күн тартибине ылайык, Бажы биримдиги рыногуна товарлардын жеткиликтүүлүгү (техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу) маселеси каралды.

КР Ветеринардык палата, Рынок, соода ишканалары жана тейлөө тармагы ассоциация жана Ташуучулар ассоциациясы өкүлдөрү ББ алкагындагы соода маселелерин кеңири түшүндүрүү зарылдыгы менен байланышкан бизнес-коомчулуктун кооптонуусун белгилешти. Өзгөчө бул нерсе санитардык, фитосанитардык жана техникалык жөнгө салуу маселесине тийиштүү. Бизнес-коомчулук мамлекеттик органдар тараптан ББ талап-эрежелерин иш жүзүндө колдонуу боюнча маалыматы жетишсиз экендигин белгилөөдө.

Күн тартибинин үчүнчү маселеси катарында курулуш тармагын өнүктүрүү талкууланды. КР Куруучулар биримдиги маалымдагандай, Мамкурулуш агенттиги бизнес-ассоциациялар менен биргеликте 2014-2017-жылдарга карата Курулуш тармагынын өнүгүү стратегиясынын долбоорун кароого сунуштады. Өлкөдө орун алган курулуштун күч алуусуна карабастан, тармактын өнүгүү багытын аныктаган так стратегия иштелип чыккан эмес. Тармактын башаламан өнүгүш, коррупция жана мыйзамдардын бузулушу курулуш бизнес өкүлдөрүнүн кооптонуусун туудурууда.

Ошондой эле Жаш ишкерлер ассоциациясы курулушка уруксаат алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү, курулуш долбоорлорун баалоонун так критерийлерин аныктоо, шаар куруу саясаты, КР шаарларынын куруунун башкы планы тууралуу маселелерди демилгеледи.

Жыйынтыгында Эл аралык ишкер кеңеши бизнес-коомчулук атынан “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына түзөтүүлөрдү кайрадан карап чыгуу маселеси боюнча кайрылуу менен чыкты.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга сунуштамалары менен чечимдер кабыл алынды.

Маалымдама: КР Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш 2010-жылдын 5-августунда КР бизнес-коомчулугунун демилгеси боюнча түзүлгөн. Негизги милдет — бизнес-чөйрө жана инвестициялык абал маселеси боюнча мамлекет жана бизнес аралык натыйжалуу баарлашууну камсыздоо.

[su_carousel source="media: 41899,41898,41897,41896,41895" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү