10
Ноябрь
Жоомарт Оторбаевдин РФ Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен телефондук сүйлөшүүсү орун алды
2014-жылдын 7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен телефондук сүйлөшүүсү орун алды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулап, негизги көңүл энергетикалык тармактагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бурулду.
Өкмөт башчылар евразиялык экономикалык интеграциясы процессинин алкагындагы эки тараптуу өз-ара аракеттешүүнүн багыттары тууралуу пикир алмашты.
Тараптар биримдик жана стратегиялык шериктештик маанайындагы эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү зарылдыгын тастыктады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү