31

Январь

2012

Бүгүн, 31-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов маектин башталышында Карим Масимовду дагы бир ирет Казакстан Республикасынын Премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктап, муну казакстандык парламенттин ишеними катары баалады. Маек учурунда Кыргызстан менен Казакстандын Премьер-министрлери эки тараптуу кызматташтык мамилелерин талкуулашты. Өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсүндө эки тараптуу соода-экономикалык мамилелер, ошондой эле көп форматтуу кызматташтык маселелерине көңүл бөлүндү. Ошондой эле жакында өтө турган эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун уюштуруу маселелери да талкууланды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү