04
Октябрь
2012
3-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Жантөрө Сатыбалдиев кесиптешин Казахстандын Премьер-министрлик кызматына дайындалышы менен куттуктады жана ага бул жогорку жооптуу постто ийгиликтерди каалады.
Өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүүнүн жолдорун жана мурда жетишилген макулдашуулардын, анын ичинде чек ара боюндагы кызматташтык боюнча келишимдердин аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү