09
Март
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар Кыргызстан - Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги боюнча кызматташуу маселелерине, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүүчү иш-чараларга көңүл бурулду.
Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жана Михаил Мишустин валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашып, дүйнөдө түзүлгөн экономикалык конъюнктуранын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашты.
Тараптар эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыгы үчүн кыргыз-орус алакасынын бардык багыттары боюнча өз ара кызматташууну улантууга жигердүүлүгүн билдиришти.