15
Март
2020
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү. Анда кыргыз-казак кызматташтыгы, ошондой эле коронавируска байланыштуу жагдай талкууланды.
Өкмөт башчылар Казакстан Республикасында жарыяланган өзгөчө кырдаалдар абалындагы шартта кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуунун улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар мындан ары да эки өлкө элинин кызыкчылыгы үчүн маалыматтарды ыкчам алмашууну ишке ашырууга макулдашты.