12

Март

2015

АКШнын КР Убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге сый визити орун алды

Бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ричард Майлзды кабыл алды. Белгилүү болгондой, Майлз АКШ Кыргызстандагы өзүнүн туруктуу элчисин бекиткенге дейре элчиликти бир нече ай бою жетектеп турмакчы. Кошмо штатынын мурунку дипломатиялык өкүлү Памела Спратлен өз кызматын 2014-жылдын ноябрь айында тапшырган. Вице-премьер-министр Ричарда Майлзды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Өкмөтү анын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө колдон келген көмөгүн көрсөтөөрүн билдирди. “Сиздерге белгилүү болгондой, Кыргызстан жана АКШнын кызматташуусу ар-дайым динамикалуулугу жана оңдуу мүнөзү менен айырмаланып турган. Бизде көптөгөн программалар бар, алардын арасында коргонуу жана коопсуздук тармагындагы, согуштук-техникалык кызматташуу, ошондой эле терроризмге жана баңгизатка каршы күрөшүү боюнча бир нече долбоорлор ишке ашырылууда. Менин пикиримде, бизге мындай тажрыйбалуу элчи келүүсүнө байланыштуу кызматташуунун жаңы баскычы башталууда», – деди Абдырахман Маматалиев, Убактылуу өкүлгө кайрылууда. Ричард Майлз вице-премьер-министрге куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, орун алган кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди. АКШнын ыйгарым укуктуу өкүлү үстүбүздөгү жылдын февралында Вашингтондо кыргыз делегциясынын катышуусунда өткөн терроризмге каршы күрөшүү боюнча саммиттин ишине канааттангандыгын билдирди. Ошондой эле ал белгилегендей, АКШ президенти Барак Обама БУУнун келерки ассамблеясынын алкагында өткөрүлгөн саммитке катышкан өлкөлөр менен биргеликте кичи-жыйын өткөрүүнү пландаштырууда. Ричард Майлз Президент Алмазбек Атамбаевдин аталган жыйынга катышуусуна ишеним билдирди. Анын айтымында, бул АКШ президенти менен жолугушууга жакшы мүмкүндүк болуп саналат. Маектешүү учурунда Ричард Майлз Кыргыз Республикасындагы Тажикстандын Элчиси менен болгон жолугушуусу тууралуу сөз козгоду, андагы көтөрүлгөн маселелердин бири катары эки өлкө ортосундагы чекарадагы абал эсептелди. «Тажикстан элчиси чекарадагы абал тууралуу оңдуу пикир билдирип, чектеш райондордогу зомбулуктардын азаюусун белгиледи», – деди дипломат. Абдырахман Маматалиев, Кыргыз-тажик мамлекеттик чекарасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча комиссиянын жетекчиси катары Тажикстан элчисинин сөзүн тастыктады. “Биздин мамлекеттер аралык бир катар документтерге кол коюлган, ага жараша, 2014-жылдын соңуна карата абалды турукташтырууга жетише алдык. Аталган маселеде чыр-чатактын негизги себептерин аныктоо негизги орунда турду. Бүгүнкү күнгө карата биз түшүнүшүүгө бет алып, туруктуу негизде эксперттик топтор иш алып барууда, жана биз чекарадагы тынчтыкты сактоого жана кызматташууга аракет кылуудабыз”, – деди вице-премьер-министр. Жолугушунун жүрүшүндө тараптар коргонуу жана коопсуздук, баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана терроризмге каршы туруу боюнча биргелешкен долборлорду ишке ашыруу маселесин талкуулады. Ошондой эле Баткен облусундагы чекара бекеттерин жана баңгизатты көзөмөлдөө постторун куруу жана жабдуу боюнча биргелешкен долбоордун ишке ашырылышын талкуулады. Вице-премьер-министр билдиргендей, курулган постторду жеке өзү барып көрүп, аталган долбоорлордун жогору деңгээлде ишке ашырылышына канагаттангандыгын билдирди. Жолугушуу соңунда тараптар эки мамлекеттин кызматташуусунун жемиштүү багытта өнүгүүсүн жана Кыргызстандыгы туруктуулукка жетишүүдөгү жалпы максаттарды белгилешти.

[su_carousel source="media: 51484,51485,51486" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү