22

Ноябрь

2013

Бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери өз эрки менен кан тапшырышты.

Учурдагы донор канынын жана плазманын тартыштыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери кан тапшыруу демилгесин көтөрүп чыгышты.

Бул акцияга медициналык жактан каршы көрсөтмөсү жок кызматкерлер катышышты.

Кан тапшыруу боюнча көчмө борборун уюштуруу чакырыгына жооп кайтарган республикалык кан тапшыруу борборуна өзгөчө ыраазычылык билдиребиз

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү